Akchabarsearch
2027-жылдан тарта пластик баштыктарды чыгарууга жана сатууга тыюу салынат

Жарыяланган

2026-16-07, 14:10

2027-жылдан тарта пластик баштыктарды чыгарууга жана сатууга тыюу салынат

2027-жылдан баштап Кыргызстанда полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана айрым пластик буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө пластик калдыктарын азайтуу максатында айрым пластик буюмдардын колдонулушун этап-этабы менен чектөө саясаты жүргүзүлүүдө.

Пластик буюмдардын жаратылышта чириши 400дөн 700 жылга чейин созулат. Ал эми полиэтилен баштыктар 100-200 жылга чейин жок болбой, айлана-чөйрөнү булгайт.

2023-жылдан тарта Ысык-Көл облусунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айрым пластик буюмдарга жана полимер пленкасынан жасалган баштыктарга чектөө киргизилген.

Министрлик ишкерлерди, өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды экологиялык жактан коопсуз альтернативдүү буюмдарга өтүүгө алдын ала даярданып баштоого чакырууда.


Тектеш материалды окуу