
Жарыяланган
2026-28-10, 14:05Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында утилдештирүү жыйымынан 342 млн 417.2 миң сом чогулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 214.4 млн сомго көп.
Учурда «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы Бажы жана Салык кызматтары менен биргеликте төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, төлөмдөрдү өз убагында чогултуу жана карыздарды өндүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, утилдештирүү жыйымы кайра иштетүүгө тийиш болгон товарларды жана алардын таңгактарын өндүргөн же чет өлкөдөн алып келген ишкерлерден алынат.
Мындай товарлардын 24 тобу министрлер кабинети тарабынан бекитилген.



