Akchabarsearch
Ысык-Көлдөн 7.3 чакырым эски тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Жарыяланган

2026-20-07, 10:18

Ысык-Көлдөн 7.3 чакырым эски тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 7.3 чакырымды түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.

Ошондой эле көлдөн 130 килограмм тиричилик таштандысы тазаланып чыгарылды.

Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин максаты Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, ошондой эле мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтуу болду.

Министрлик мындай рейддер Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын билдирди.


Тектеш материалды окуу

Ысык-Көлдөн 7.3 чакырым эски тор жана 130 кг таштанды чыгарылды Акчабарда