
Жарыяланган
2026-20-07, 14:58Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 137-чакырымында жана Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 28-чакырымында таштанды салуучу урналар орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, урналар №10 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жол жээктериндеги санитардык тазалыкты камсыз кылуу, курчап турган чөйрөнү коргоо жана саякатчылар үчүн комфорттук шарт түзүүгө багытталган.
Министрлик бардык айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү таштандыларды атайын орнотулган урналарга гана ыргытып, тазалыкты сактоого чакырды.



