
Жарыяланган
2026-20-10, 15:062027-жылы телерадиокомпанияларды каржылоого жалпы өлкө бюджетинен 2 млрд сомдон ашык акча сарпталат деп болжолдонууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги даярдаган 2027-жылдын Жарандык бюджетинин долбоорунда айтылат.
Аталган сумманын 1 млрд 381.5 млн сому - Улуттук телерадиокорпорацияга (УТРК), 469.6 млн сому - "ЭлТРге" жана 156.5 млн сому - "Мир" эл аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы филиалына берилгени жатат.
Ошондой эле 2028-жылы жалпы 1 млрд 949.6 млн сом бөлүү пландалууда:
УТРК - 1 млрд 412.1 млн сом;
"ЭлТР" - 413.4 млн сом;
"Мир" - 124.1 млн сом.
2029-жылы 1 млрд 986.4 млн сом:
УТРК - 1 млрд 438.3 млн сом;
"ЭлТР" - 421.6 млн сом;
"Мир" - 126.5 млн сом.



