Akchabarsearch
Сегиз айда чет жакка 88.5 млн сомго бал экспорттолду

Жарыяланган

2026-20-10, 15:45

Сегиз айда чет жакка 88.5 млн сомго бал экспорттолду

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстандан 88.5 млн сомго бал экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Сегиз айда чет жакка 377.1 тонна бал сатылган. Бал 20 өлкөгө экспорттолгон.

Балдын 258.8 тоннасы же 68.6% Өзбекстанга сатылган. Калган 31%дай бал калган 19 өлкөгө кеткен.

2025-жылдын сегиз айына карагандай быйылкысында экспорт 186.2 тоннага көбөйгөн. Былтыр январь-август айларында 190.9 тонна бал чет жакка кеткен. 


Тектеш материалды окуу