
Жарыяланган
2026-20-10, 13:08Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда өлкөгө зер буюмдарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өлкөгө алынып келе жаткан зер буюмдардын тиешелүү коштомо кагаздары жок болгон. Анын ичинде жалпы салмагы 396 граммды түзгөн 147 алтын буюм жана жалпы салмагы 1 кг 979 грамм болгон 229 күмүш буюм бар. Алардын жалпы баасы 9.6 млн сомдон ашат.
Бул факты боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынган. Ошондой эле мыйзамдарда каралган тиешелүү укуктук жана салыктык жол-жоболор жүргүзүлгөн.



