Akchabarsearch
2028-жылы ички дүң продукция 3 трлн сомдон ашат деп болжолдонууда

Жарыяланган

2026-19-10, 14:04

2028-жылы ички дүң продукция 3 трлн сомдон ашат деп болжолдонууда

2027-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2 трлн 736.3 млрд сомду түзөт деп болжолдонууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги даярдаган 2027-жылдын Жарандык бюджетинин долбоорунда айтылат.

Министрликтин божомолу боюнча, быйыл номиналдык ички дүн продукция (ИДП) 2 трлн 352.7 млрд сом болот. ИДПнын реалдуу өсүшү 8.7%ды түзөт.

2027-жылы ИДП - 2 трлн 736.3 млрд сомго жетип, реалдуу өсүш 8.3% болот. 2028-жылы болсо - ИДП 3 трлн 240.7 млрд сомду, реалдуу өсүш 10.4%ды түзөт.

2029-жылы ИДП 3 трлн 720.6 млрд сомго жетет. Ал эми анын реалдуу өсүшү 7.4% болот. 


Тектеш материалды окуу