Akchabarsearch
Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-19-10, 11:04

Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Ош шаарында ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

 Долбоор С. Жусуев, Курманжан датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде ("Достук" айлампасында) ишке ашырылат.

Курулуштун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор каралган.

Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Долбоорду бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Жаңы транспорттук түйүн шаардагы жол кыймылын жакшыртууга, унаа тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.


Тектеш материалды окуу