Akchabarsearch
Ош шаарында курулуш талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып салынды

Жарыяланган

2026-06-07, 18:00

Ош шаарында курулуш талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып салынды

Ош шаарынын Ишматов көчөсү 152/1 дарегинде жайгашкан, 23 блоктон турган 5 кабаттуу турак жай комплексинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, объектте курулуш-монтаждоо иштери техникалык ченем жана коопсуздук талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Тактап айтканда, курулуш аянтында коргоочу тосмолор орнотулган эмес, ошондой эле жумушчулар атайын коргоочу кийимдер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган эмес.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча “Буссоль” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин объекттеги курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.

 


Тектеш материалды окуу