Akchabarsearch
Кореяда расмий иштеген кыргызстандыктар бир жолку пенсиялык топтомолорун ала алышат

Жарыяланган

2026-19-10, 12:38

Кореяда расмий иштеген кыргызстандыктар бир жолку пенсиялык топтомолорун ала алышат

Кореяда иштеп, мекенине кайтып келген 140 кыргызстандык бир жолку пенсиялык топтомолорун алды. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.

Соцфонддун маалыматы боюнча, Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан пенсиялык төгүмдөр кармалган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрүн ала алышат. Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан топтомо пенсиясын алуу Кыргызстандын Соцфонду көмөктөшөт.

Бүгүнкү күнгө карата аталган топтомо акчасын алуу үчүн баш-аягы 152 киши кайрылган. Алардын ичинен 140 киши бир жолку төлөмдөрүн алган. Төлөмдүн орточо өлчөмү 3 миң 585 долларды түзгөн.

Дагы 12 жаран чечимди күтүүдө. 


Тектеш материалды окуу