
Жарыяланган
2026-19-10, 15:112026-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында Кыргызстанда 11 млрд 314 млн кВт/саат электр энергия өндүрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин 19-октябрдагы жыйынында билдирди.
Маалым болгондой, быйыл тогуз айда өлкөдө 10 млрд 334 млн кВт/саат электр энергия өндүрүү пландалып, электр энергия 980 млн кВт/саатка көп өндүрүлгөн.
Ошол эле учурда быйыл чет жактан жалпы 4 млрд 99 млн киловатт сатып алуу пландалса, 15-октябрга карата анын 2 млрд 992 млн киловатты импорттолгон.
15-октябрга карата Токтогул суу сактагагычында суунун көлөмү 11 млрд 345 млнкуб метрди түзгөн.



