
Жарыяланган
2026-27-03, 17:16218 миң 121 жаран “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу өзүнө кредит алууга тыюу салуу кызматын иштетти. Мындай маалыматты Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул 2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 27-мартына чейинки аралыктагы көрсөткүч.
Кызмат жарандарды алдамчылык фактыларынан коргоо жана каржылык коопсуздукту камсыздоо максатында сунушталууда.



