Akchabarsearch
Президент «Түндүктү» жоюу боюнча жарлыкка кол койду

Жарыяланган

2026-27-08, 16:48

Президент «Түндүктү» жоюу боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Түндүк» ачык акционердик коомун жоюу боюнча жарлыкка кол койду. Документке ылайык, «Түндүк» ААК жоюлуп, анын функциялары Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт.

Жарлыкта «Түндүк» ААКты жоюу боюнча чечим кабыл алуу жана атайын комиссия түзүү тапшырмасы берилген. Ошондой эле компаниянын функциялары, милдеттери, каржылык жана материалдык каражаттары «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүлөт.

Мындан тышкары, эки мекемеде кайталанып жаткан иштерди аныктоо үчүн функционалдык талдоо жүргүзүлөт. Анын негизинде уюштуруу түзүмү оптималдаштырылып, «Түндүктүн» канча кызматкери «Кызматта» ишин уланта алары аныкталат. Кызматкерлерди ишке орноштуруу эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Жарлыкта «Түндүктү» жоюунун негизги себеби катары эки мекеменин айрым бирдей иштерди аткарып жатканы көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, жаңылоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча функциялар кайталанууда. Бул ресурстардын бөлүнүшүнө жана иштерди координациялоону татаалдаштырат.

Ошол эле учурда «Түндүк» платформасы жана мобилдик тиркемеси кадимкидей иштей берет. Колдонуучулар үчүн санариптик кызматтар өзгөрбөйт жана бардык кызматтар толук көлөмдө көрсөтүлөт.

 


Тектеш материалды окуу