
Жарыяланган
2026-27-02, 16:34“Түндүк” аркылуу насыя алууга өзүнө тыюу салгандардын саны 200 миң 677ге жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 27-февралга карата көрсөткүч.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-ноябрынан баштап жарандар өзүнө насыя алууга “Түндүк” тиркемеси аркылуу тыюу салуусуна шарт түзүлгөн.



