Akchabarsearch
30 млн сомго күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-16-02, 16:03

30 млн сомго күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыяланды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Аи-95, Аи-92 маркасындагы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Аны сатып алууга 30 млн 128 миң сом сарпталат деп пландалууда. Тендерге катышууну каалагандар 20-февралга чейин арыздарын тапшырса болот.

Келишим түзүлгөндөн кийин, жеткирүүчү күйүүчү майды 5 жумушчу күндүн ичинде Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан дарекке жеткирип бериши керек.
 


Тектеш материалды окуу