
Жарыяланган
2025-13-11, 15:362025-жылдын башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин күйүүчү майдын ар бир литринен алынган жыйымдан Транспорт министрлигинин Жол фондуна 1 млрд 480.9 млн сом түштү. Бул тууралуу "Акчабарга" аталган фонддон билдиришти.
Эскерте кетсек, быйыл 1-январдан тарта күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сомдон жыйым алына баштаган. Ал унаа салыгынын ордуна киргизилген.
Аталган жыйым «ким көп айдаса, көп төлөйт» деген принцип боюнча жыйналат. Башкача айтканда айдоочу унаасын канчалык көп айдап, канчалык көп бензин (же дизель майын) куйса, Жол фондуна ошончо көп акча которот.
Фондго түшкөн акча жол оңдоого, салууга жумшалат.


