Akchabarsearch
Кошумча бак менен күйүүчү май ташыгандарга айып пул салынды

Жарыяланган

2026-20-02, 15:22

Кошумча бак менен күйүүчү май ташыгандарга айып пул салынды

Кошумча бак орнотуу менен күйүүчү  май ташыган 37 унаа айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын кызматкерлери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май ташып келип, аны жол жээктеринде мыйзамсыз сатып жаткан айдоочуларды кармашкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында унаалар убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ар бирине 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мыйзамсыз орнотулган кошумча бактар алынмайынча, унаалар айып короодон чыгарылбайт.
 


Тектеш материалды окуу