
Жарыяланган
2026-21-01, 12:02Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактардагы 500 миң сомдук айлыктар тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Ал ким кандай иштесе ошондой айлык аларын билдирди.
“Биздин бардык департаменттерибиз өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат. Тагыраак айтканда ким кандай иштесе, ошончо айлык алат.
Көпчүлүгү архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер жана алардын эмгеги эмгек базарында талаштуу”, - деп жазды Орунтаев.



