
Жарыяланган
2025-11-11, 15:36Быйыл ноябрь айына карата, Кепилдик фонду “Келечек” ипотекалык программасы боюнча жалпы суммасы 61.6 млн сомдон ашкан 52 кепилдик берди. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Бул жарандарга 237.6 млн сомдон ашык суммада ипотекалык насыя алууга мүмкүндүк берген.
Октябрь айында эле 31.5 млн сомдон ашкан 27 кепилдик берилген, алардын аркасында жарандар дээрлик 122.3 млн сом насыя алышкан.
Натыйжада ондогон үй-бүлөлөр өз турак жайларын сатып алышты.



