
Жарыяланган
2025-05-12, 13:36Мамлекеттик ипотекалык компания насыялык тарыхка көңүл бурат. Бул тууралуу аталган мекеменин калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева брифинг учурунда билдирди.
“Жарандын үй алууга кезеги жеткенде келишимде көрсөтүлгөн критерийлерди аныктоо үчүн компаниянын текшерүүсүнөн өтөт. Анда жаран дагы деле үйгө муктажбы, иштеп жатабы же жумушсуз калдыбы деген сыяктуу суроолорго жооп алабыз.
Ошону менен катар насыялык тарыхка дагы көңүл бурабыз. Бирок бизде банктардагыдай эмес. Анткени банктар Улуттук банкка отчёт берет. Биз социалдык программа болгондуктан, жарандарды турак жай менен камсыз кылуу башкы максатыбыз. Насыялык тарыхта карызды төлөөдө активдүү кечиктирүү жок болсо, көйгөй болбойт,” - деди ал.



