
Жарыяланган
2026-12-01, 12:41Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания келечекте айылдарга дагы үйлөрдү кура турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде билдирди.
Ал өлкөнүн бүтүндөй айылдарын жаңыртуу керектигин айтты.
“Канализация, тазалоочу курулмаларды, заманбап шарттары, ысык суусу бар үйлөрдү куруп беришибиз керек. Мамлекеттик ипотекалык компания ушул иштерди аткарат деген келечектүү 50-100 жылдык план менен баратабыз”, - деди ал.
Президент башында ипотекалык турай жайларды курууну баштаганда жеке компанияларды да чакырганын белгиледи.
“Чарчы метрин 650 доллардан куруп бергиле дегенде, чоң-чоң компаниялар “под ключ” 1000 доллардан кем болбойт деп кетишкен. Айла кетип, өзүбүз компанияларды таап, Чүй облусу менен Бишкекте 700 доллардан, ал эми цемент менен арматураны Бишкектен ташып баргандыктан, аймактарда 750 доллардан кылып берели деп сүйлөшкөнбүз. Калганы 1000 же 1500 доллардан береби ипотекалык компаниянын пайдасына түшүп жатат деп билишибиз керек”, - дейт мамлекет башчы.



