Akchabarsearch
Быйыл МИКке бюджеттен 500 млн доллардын тегерегиндеги каражат бөлүнөт

Жарыяланган

2026-12-01, 12:09

Быйыл МИКке бюджеттен 500 млн доллардын тегерегиндеги каражат бөлүнөт

Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компанияга мамлекеттик бюджеттен акыркы жолу 500 млн доллардын тегерегиндеги каражат берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, эмдиги жылдан баштап МИКке бюджеттен каражат берилбейт.

“Өзүнүн 200 млрд сомго чыгарып алган капиталы менен 5-10 жыл эмес, 50-100 жыл бою элди – жаңы үйлөнгөн үй-бүлөдөн баштап, үйгө муктаж карыларга чейин турак үй менен камсыз кылууну ушул мамлекеттик ишкана алып барат. 

Бул жүз пайыз мамлекеттики, бир тыйын үстүнө кошулса дагы ал мамлекеттин чөнтөгүнө, Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшүп жатат деп билгиле. Ипотекалык компания бай болсо, кайсы убакта кааласаңар дагы үй менен камсыз кылат”, - деди президент.


Тектеш материалды окуу