Akchabarsearch
Мамлекеттик ипотекалык комания 2026-жылы Бишкекте 4 миңдей батир берүүнү пландоодо

Жарыяланган

2025-05-12, 13:10

Мамлекеттик ипотекалык комания 2026-жылы Бишкекте 4 миңдей батир берүүнү пландоодо

Мамлекеттик ипотекалык компания кийинки жылы 20 миң батир берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, компания 2016-жылы түзүлгөндөн тартып 2022-жылдын аягына чейин өнөктөш банктар аркылуу арыздарды карап гана иштеген. 2023-жылдын башынан бери банктык ортомчулуктан баш тартып, өзү көп кабаттуу үйлөрдү кура баштаган. Алгачкы батирлерди 2024-жылдан тарта бере баштаган.

 “2026-жылы жалпысынан биз Кыргызстан боюнча 20 миң батирди берүүнү пландаштырып жатабыз. Анын ичинде 4 миңден ашууну Бишкекте,” - деди ал.


Тектеш материалды окуу