Akchabarsearch
Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык турак жайлар курулууда

Жарыяланган

2025-07-11, 15:22

Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык турак жайлар курулууда

Токмокто 1905 ипотекалык батир курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.

Аталган башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн текшерди. Маалымат боюнча, жалпы долбоор боюнча 1905 батир курулууда. Анын ичинде 9 блок - 9 кабаттуу, 20 блок - 15 кабаттуу үйлөр. Ар бир кабатта 5 батирден орун алган, ар бир батирге жеке газ казаны орнотулат. 

"Комплекстин аймагында жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган - балдар жана спорт аянтчалары, жашыл зоналар, жөө жүрүүчү жолдор, кең автотоктотуучу жайлар, ошондой эле мектеп жана бала бакча жөө аралыкта жайгашат", - деп айтылат маалыматта.


Тектеш материалды окуу