
Жарыяланган
2026-07-10, 16:49MBusiness жеке ишкерлер жана компаниялар үчүн жаңы «777» аманатын ишке киргизди. 2026-жылдын 7-октябрынан 5-ноябрына чейин ал боюнча атайын чен — жылдык 7% түзөт.
Аманат сом менен 7 күнгө ачылат. Аны MBusiness’те бөлүмгө барбастан, толугу менен онлайн ачууга болот.
Компанияда белгилешкендей, аманат бизнестегилерди убактылуу бош каражаттарын кыска мөөнөткө жайгаштырып, аларды учурдагы милдеттерден жана төлөмдөрдөн узак убакытка алаксытпоого мүмкүндүк берет.
Аманаттын шарттары:
• мөөнөтү — 7 күн;
• валютасы — сом (KGS);
• суммасы — 10 миңден 500 млн сомго чейин;
• аманаттардын саны чектелбейт;
• толуктоо жана каражаттарды алуу каралган эмес;
• мөөнөтүнөн мурда жабылган учурда пайыздар төлөнбөйт;
• ачуу — MBusiness’те гана онлайн жүргүзүлөт.
Аманат MBusiness’тин жаңы жана учурдагы кардарларына — жеке ишкерлерге жана компанияларга, Кыргыз Республикасынын резиденттерине да, чет өлкөлүк жарандарга да жеткиликтүү.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.



