
Жарыяланган
2026-07-10, 17:48Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы инновациялык-креативдик борбордун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров жаңы борбордун инфраструктурасы жана комплекстин бөлмөлөрүн көрүп чыккан. Имаратта китепкана, музей, инновациялык теле жана аудио студиялар, кино-концерттик зал, коворкинг жана IT-зоналар, ошондой эле соода аянтчасы жайгашкан.
Президент бул борбор маданият, билим берүү жана чыгармачылык тармактарын бириктирген жаңы коомдук мейкиндикке айланарын айткан.
Борбордун ишмердүүлүгү шаардын тургундарынын, өзгөчө жаштардын чыгармачылык, билим берүү, инновациялык жана маданий демилгелерин колдоого багытталат.



