Akchabarsearch
Депутат тамеки-ичимдиктерди 21 жашка толгон жарандарга сатууну сунуштады

Жарыяланган

2026-07-10, 13:45

Депутат тамеки-ичимдиктерди 21 жашка толгон жарандарга сатууну сунуштады

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында депутат Нилуфар Акимжанова тамеки жана спирт ичимдиктерин 21 жашка толгон жарандарга сатууну сунуштады.

Анын айтымында, азыр тамеки менен ичимдик 18ге толгон жарандарга сатылат. Бирок алар адамдын саламаттыгы үчүн зыян болгондуктан депутат жаш муундун ден соолугун коргоо максатында тамеки-ичимдиктерди 21 жашка чыккан жарандарга сатууну сунуш кылды. 

"Бул бирөөнүн укугун чектөө эмес. Бул жерде биздин мамлекет жаш муундун ден соолугун канчалык деңгээлде коргой ала тургандыгы жөнүндө кеп болуп жатат. Биз оорунун кеспети менен күрөшкөндөн көрө аны алдын алууга басым жасап иштешибиз керек", - дейт ал.

Депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө карйлып, аталган маселени карап чыгууну өтүндү. 


Тектеш материалды окуу