Akchabarsearch
Депутат: Россияга 10 млн рубль которсо, банктар 1 млн рублга чейин комиссия кармап жатыптыр

Жарыяланган

2026-07-10, 12:45

Депутат: Россияга 10 млн рубль которсо, банктар 1 млн рублга чейин комиссия кармап жатыптыр

Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков Россияга акча которуп жаткан ишкерлерден алынып жаткан комиссия боюнча маселе көтөрдү

Депутатка ишкерлер билдиргендей, буга чейин рубль менен Россияга акча которгондо банктар 0.2-0.5% комиссия кармап келген. Азыр болсо 10%га чейин комиссия кармалып жатыптыр.

"Мисалы 10 млн рубль которсо, 1 млн рублга чейин комиссия алып коет экен. Бул чыгымдар кийин товардын баасына кошулуп, баанын кымбатташына алып келет", - деди ал.

Депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, аталган маселеге чечүүнү суранды. 


Тектеш материалды окуу