Akchabarsearch
"Манас" аэропортун реконструкциялоого дээрлик 130 млн доллар акча сарпталды

Жарыяланган

2026-07-10, 14:44

"Манас" аэропортун реконструкциялоого дээрлик 130 млн доллар акча сарпталды

"Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоого дээрлик 130 млн доллар акча сарпталды. Бул тууралуу "Кыргызстан Аэропорттору" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, аэропорттун учуп-конуу тилкеси, аба бекет жана башка инфраструктура оңдоп-түзөөдөн өткөн. Аталган суммага №2 терминалдагы расмий делегациялар залында жасалган жумуштар кирбейт. 

Ошондой эле аба бекеттин аянты мурда 39 миң чарчы метр болсо, ал дагы 20 миң чарчы метрге чоңойтулган.

Мындан тышкары эки жаңы телескоптук трап жана жүктү иргей турган автоматтык система орнотулган. Учакка чыгуу эшиктери 8ден 13кө чейин жеткирилген.

Жаңылануудан кийин аэропорт саатына 3 миңден ашык жүргүнчүнү тейлей алат.  Буга чейин 1.7 миң киши тейленчү. 


Тектеш материалды окуу