Akchabarsearch
    Адылбек Касымалиев Алтай Республикасына иш сапары менен барат

    Жарыяланган

    2025-23-07, 11:56

    Адылбек Касымалиев Алтай Республикасына иш сапары менен барат

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-26-июль күндөрү Россиянын Алтай Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

    Сапардын алкагында Касымалиев Тоолуу-Алтай шаарында өтө турган Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, жыйында сөз сүйлөйт. 

    Аталган иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегация дагы катышат.  


    Тектеш материалды окуу