Жарыяланган
2025-23-07, 17:13Кыргызстанда 1-июлда ОСАГО тууралуу мыйзам күчүнө киргенден бери камсыздандыруу полисин албаган 1100гө жакын айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байгазы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, жол тескөөчүлөрү ОСАГО полиси жокторду аныктоо үчүн атайын текшерүү жүргүзгөн жок. Болгону жол эреже бузганы үчүн токтотулган айдоочулардын полис алып-албаганы текшерилип, камсыздандыруу жасатпагандарга айып салынууда.
Ал мыйзамга ылайык, ОСАГО полиси жок айдоочуларга (жеке жактарга) 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып каралганын белгилеп өттү.