Akchabarsearch
    Бишкекте аял киши шылуундарга 12 млн сомун алдырып жиберген

    Жарыяланган

    2025-24-07, 16:20

    Бишкекте аял киши шылуундарга 12 млн сомун алдырып жиберген

    Бишкекте аял киши шылуундарга 12 млн сомун алдырып жиберген. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. 

    Милициянын маалыматы боюнча, аларга 16-июнда аял киши кайрылып, белгисиз адамдар Медакадемиянын, УКМКнын жана Улуттук банктын кызматкерибиз деп чалып, анын эсебиндеги 12 млн сомду ээлеп алганын билдирген. 

    Аталган факты боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

    Иликтөө иштери учурунда бул кылмышты жасоого катышкандардын бири 19 жаштагы Б.Э. кармалган. Тактап айтканда, ал уюштуруучулардын көрсөтмөсү менен дропперлердин (акчаларды накталай чыгарып алып турган адамдар) иш-аракеттерин координациялап турган.

    Шектүү бир айга тергөө абагына камакка алынды.

    Шектүү 

    Тектеш материалды окуу