Жарыяланган
2025-23-07, 17:37Өзбекстан быйыл жарым жылда Кыргызстанга 1 миң 531 тонна шабдалы экспорттоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан жарым жылда чет жакка 32 миң 937 тонна шабдалы сатып, анын баасы 31.4 млн доллар болгон. Былтыркы жарым жылга караганда экспорт 17.6 миң тоннага же 2.2 эсе көбөйгөн.
Шабдалынын көбүн Россия сатып алган: 24 миң 752 тонна. Казакстанга – 6 миң 387 тонна, Кыргызстанга – 1 миң 531 тонна, Беларуска 210 тонна экспорттолгон. Дагы 57 тонна башка өлкөлөргө сатылган.