Akchabarsearch
    Айыл Банк Кыргызстанда АБиллинг санариптик системасын биринчилерден болуп ишке киргизди

    Жарыяланган

    2025-23-07, 16:10

    Айыл Банк Кыргызстанда АБиллинг санариптик системасын биринчилерден болуп ишке киргизди

    Айыл Банк Кыргызстанда биринчилерден болуп кызматтар үчүн эсеп алуу жана төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыздаган АБиллинг универсалдуу санарип платформасын ишке киргизди. Долбоор Эне жана баланы коргоо борборунан старт алып, азыркы тапта бул жерде медициналык кызматтар үчүн төлөмдөр ушул система аркылуу жүргүзүлүүдө. Бирок Абиллингдин мүмкүнчүлүгү медицина менен эле чектелбейт.

    АБиллинг — бул Айыл Банк тарабынан толугу менен иштелип чыккан санариптик курал. Ал медицина, билим берүү жана мамлекеттик кызматтар сыяктуу ар түрдүү тармактардагы кызматтар үчүн төлөм процессин тез, ачык жана коопсуз кылат. Пациенттер, кардарлар же жарандар QR-код аркылуу барын оңой жүргүзө алышат.
    Системанын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ишке кириши — Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагындагы ири долбоордун алгачкы кадамы болуп саналат.

    «Бүгүн биз Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен келишимге кол койдук. Бул жерде жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүү, дарыгерлердин талыкпай иштөөсү жана калктын эң аяр катмарына болгон мамиле айкалышат. Мындай жерлерде бардык процесстер ыкчам, ачык-айкын жана ыңгайлуу болушу өзгөчө маанилүү.
    АБиллингди мындан ары да кеңейтип, медицина, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга киргизүүгө даярбыз. Биз кызматташууга ачыкпыз жана бул система чындап керек болгон жерде ишке ашырууга даярбыз», — деп белгиледи башкармалыктын төрагасы Тилек Алимджанов.

    Айыл Банк бул долбоорду толугу менен өз алдынча ишке ашырды: системаны иштеп чыгуу, төлөм инфратүзүмүн туташтыруу, маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жана техникалык коштоо, бардыгы банктын жоопкерчилигинде. Бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө карай биринчи чоңалгачкы кадам.

    Улуттук банктын лицензиясы № 048


    Тектеш материалды окуу