
Жарыяланган
2025-17-11, 09:00Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-18-ноябрда Россиянын Москва шаарында иш сапары менен болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.
Жыйында соода-экономикалык, каржылык кызматташуу, жана Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Отурумдун соңунда бир катар документтерге кол коюлат.



