
Жарыяланган
2025-17-11, 15:012025-жылдын январь-октябрынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 246.7 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 18.9%га өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Өсүш көбүнчө ички булактардан (21.8%) жана тышкы булактардан (5.2%) камсыздалган.
Инвестициялардын негизги бөлүгү (83%) пайдалуу кен казуу, электр энергия, газ жана суу менен камсыздоо, иштетүү өндүрүшү, транспорт жана жүктөрдү сактоо, билим берүү жана турак жай курулушуна багытталган.
“Менин үйүм” программасынын алкагында 10 айда 3 миң 621 батир курулган;
Натыйжада, курулуштун дүң продукциясы 269.1 млрд сомду түзүп, 27.7%га өскөн.
