Akchabarsearch
Курулуш министрлигине караштуу төрт департаменттин жетекчилери алмашты
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-03-03, 16:35

Курулуш министрлигине караштуу төрт департаменттин жетекчилери алмашты

Курулуш, министрлигинде төрт департаменттин директорлору арасында ички ротация жүргүзүлдү. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Чечимге ылайык:
•    Эрназарбек Суеркулов Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болду.
•    Маратбек Акназаров Мамлекеттик экспертиза департаментинин директорлугунан чыгып, Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору болуп дайындалды.
•    Ислан Момоконов Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорлугунан Инженердик-изилдөө департаментинин директору болуп которулду.
•    Болот Чолпонбаев Инженердик-изилдөө департаментинин директорлугунан чыгып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болду.

Иш-чара министр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында өтүп, анын орун басарлары жана кызматкерлер катышты.
 


Тектеш материалды окуу