Akchabarsearch
Быйыл он айда курулуштун жалпы көлөмү 269.1 млрд сомду түздү

Жарыяланган

2025-04-12, 14:42

Быйыл он айда курулуштун жалпы көлөмү 269.1 млрд сомду түздү

Быйыл январь-октябрь айларында курулуштун жалпы көлөмү 269.1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Бул өткөн жылдын он айына салыштырмалуу 1.3 эсеге көп.

Октябрь айында курулуш иштери 46.2 млрд сомго жетип, былтыркы жылдын ушул айына караганда 18.6%га көп болду.

Ал эми негизги капиталга инвестициялар 18.9%га өсүп, 246.7 млрд сомду түздү. Октябрдагы инвестиция көлөмү 19.1%га көбөйүп, 40.7 млрд сом болду.

 


Тектеш материалды окуу