Akchabarsearch
    Айыл Банк ислам каржылоо принциптери боюнча өткөрүп жаткан масштабдуу акциясынын алкагында Умрага алгачкы жолдомону тапшырды

    Жарыяланган

    2025-20-05, 09:39

    Айыл Банк ислам каржылоо принциптери боюнча өткөрүп жаткан масштабдуу акциясынын алкагында Умрага алгачкы жолдомону тапшырды

    Айыл Банк өлкөдө ислам каржылоо продукттарын өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу акциясынын биринчи этабын ийгиликтүү жыйынтыктады. Акциянын негизги байгеси – ыйык Умра ажылыгына жолдомо, аны 2 миллион сомдон ашык суммага Ислам каржылоосун алган Ысык-Көл обласунун Түп районунун жашоочусу Абай Абдрасуловго тапшырылды.

    Акциянын жеңүүчүсү өзүнүн сезимдери менен бөлүшүп,  банкка терең ыраазычылыгын билдирди.

    "Мен абдан кубанычтамын жана Айыл Банкка ыраазычылык билдирем. Бул колдоо жөн эле финансылык жардам эмес, ал менин баалуулуктарымды дагы бекемдеп жатат. Ушул сыяктуу демилгелер мени жана башка көптөгөн башка адамдарды Шариат мыйзамдарына шайкеш келген адал жана ачык-айкын финансылык чечимдерди тандоого, ошондой эле биздин жамаатты колдоого алууга шыктандырат", - деди Абай Абдрасулов.

    Айыл Банктын акциясы – кардарлар үчүн этикалык жана ислам принциптерине ылайык келген финансылык продукттарына жеткиликтүүлүк алуу гана эмес, Умрага жолдомолорду ойнотуунун катышуучусу да болууга мүмкүнчүлүк. Талапкерлердин катарында болуу үчүн 2 миллион сомдон жогору суммадагы ислам каржылоосун (хамиш-жиддийди эсепке албаганда) алуу жетиштүү болот.
    2025-жылы акция сегиз баскычтан турат жана алардын ар биринде бирден жолдомо ойнотулат. Учурдагы кампания 2025-жылдын 19-декабрына чейин улантылат.

    Катышуунун шарттары:

    •    2 миллион сомдон жогору суммадагы Ислам каржылоосун тариздетүү;
    •    Сегиз баскычтын ар биринде Умрага жолдомо ойнотууга катышуу;
    •    Акция 2025-жылдын 1-мартынан 19-декабрына чейин созулат.

    Айыл Банктын акциясына кошулуу мүмүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз, банк менен бирге ыйык ажылык сапарга жолдомо утуп алуу бактысы сизге туш келиши ыктымал!

    Улуттук банктын лицензиясы № 048/1

     


    Тектеш материалды окуу