Akchabarsearch
    Айыл чарба министринин орун басары 2.5 айдан кийин кызматтан алынды

    Жарыяланган

    2025-01-07, 17:25

    Айыл чарба министринин орун басары 2.5 айдан кийин кызматтан алынды

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документке ылайык, аталган кызматка Алмаз Жээналиев дайындалды. 

    Алмаз Жээналиев

    Эскерте кетсек, Нурлан Жумаев министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору кызматына быйыл апрелдин ортосунда дайындалган.


    Тектеш материалды окуу