Akchabarsearch
    Чет өлкөгө жумушка орноштурам деген шылуундарга алдангандар көбөйдү

    Жарыяланган

    2025-01-07, 18:04

    Чет өлкөгө жумушка орноштурам деген шылуундарга алдангандар көбөйдү

    Эмгек министрлиги жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурам деп убадалаган шылуундарга алдангандар көбөйгөнүн билдирет.  

    Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы мезгилде Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерге, айрыкча Европа өлкөлөрүнө – Германияга, Польшага, Венгрияга, Хорватияга жумушка орноштурууда алдамчылык фактылары көбөйдү.

    Шылуундар соцтармактарда "көп айлык аласың, документтерди тез даярдап беребиз, чет өлкөгө оңой чыгасың" деп иш менен камсыз болоруна убада берип, "кызмат көрсөткөндүгү" же "чакыруу алуу" үчүн деп акча алып, ошону менен жок болуп кетишет. 

    Министрлик соцтармактардагы белгисиз адамдарга эч качан акча которбоону, жумушка орноштурууну сунуш кылган агенттиктин лицензиясынын бар-жогун текшерүүнү, шарттарды жакшылап карап чыккандан кийин гана келишимге кол коюуну сунуштайт. 

    Ошондой эле бардык документтердин көчүрмөлөрүн жана кат алышууларды сактап, бара турган өлкө, эмгек шарттары, чыгымдар жана чыныгы эмгек акысы жөнүндө толук маалымат алуу кажет.  

    "Европа, Япония, БАЭ, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана башка мамлекеттерге жумушка орношууну пландап жатсаңыз, уруксаты бар, расмий түрдө иштеп жаткан жумушка орноштуруучу жеке агенттиктерге гана кайрылыңыз", - деп эскертет министрлик. 

    Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча расмий иш алып барган жеке агенттиктердин тизмесин министрликтин сайтынан көрүүгө болот. 


    Тектеш материалды окуу