Akchabarsearch
    Салык кызматы беш айда 147.4 млрд сом чогултту

    Жарыяланган

    2025-01-07, 16:13

    Салык кызматы беш айда 147.4 млрд сом чогултту

    Быйыл беш айда Салык кызматы 147.4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

    Касымалиев белгилегендей, былтыр жыл ичинде 302,4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Ал 2023-жылга салыштырмалуу 53 млрд сомго же 21%га көп. 

    Ал эми быйыл беш айда 147,4 млрд сомду салык жана камсыздандыруу төгүмү чогултулду. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ал 33,3 млрд сомго же 28%га көп болгон.  


    Тектеш материалды окуу