Akchabarsearch
    Кыргызстанда үч адистик боюнча сырттан окууга тыюу салынды

    Жарыяланган

    2025-01-07, 16:38

    Кыргызстанда үч адистик боюнча сырттан окууга тыюу салынды

    Кыргызстанда юриспруденция, экономика жана менеджмент багыттары боюнча сырттан окууга тапшырууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

    Тыюу салуу 6 айга созулат. Ага ылайык, юриспруденция, экономика жана менеджмент адистиктери боюнча бакалавр жана магистратурага сырттан окууга тапшырууга болбойт. 

    Эскерте кетсек, буга чейин Юстиция министрлиги билдиргендей, бул үч адистик боюнча сырттан окугандар көп, бирок алардын арасынан ишке орношкондор аз. Адистерди даярдоонун сапатына үстүртөн мамиле жасалат, окугандар диплом алганы менен керектүү билим-тажрыйбага ээ болбой чыгат. Сырттан окугандардын окууга келгенине, аттестациядан өткөнүнө көзөмөл жүргүзүү кыйын болгондуктан, коррупциялык көрүнүштөр болот. 

    Мындан улам аталган мүчүлүштүктөрдү жоюп, билим берүү процессинин, бүтүрүүчүлөрдүн даярдыгынын сапатын баалоо аяктаганга дейре, күндүзгү жана аралыктан окутуунун жаңы, аралаш түрүн иштеп чыкканга чейин аталган багыттар боюнча сырттан билим алууга тыюу салуу пландалып жатканы кабарланган. 


    Тектеш материалды окуу