Akchabarsearch
Айыл чарба тармагына 13 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилет

Жарыяланган

2026-25-02, 14:27

Айыл чарба тармагына 13 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында жалпысынан 13 млрд 180 млн сомду түзгөн 9 мамлекеттик долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Долбоорлор аркылуу жеңилдетилген каражаттар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу дыйкандарга, фермерлерге жана агробизнес өкүлдөрүнө берилет.

Негизги багыттар:

  • «Айыл чарбасын каржылоо-14» – талаа жумуштарына 2,4 млрд сом, үстөк пайызы 6%, мөөнөтү 3 жыл. Бүгүнкү күнгө 125 млн сом насыя берилди;
  • «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» – 2,1 млрд сом, пайыз 6%, мөөнөтү 5 жылга чейин;
  • Асыл-тукум мал чарбачылыгы жана үрөнчүлүк чарбалары – 1,2 млрд сом жана 100 млн сом, пайыз 3%;
  • Эт кластерин өнүктүрүү (Чүй облусу жана Бишкек) – 1,5 млрд сом, пайыз 3%, мөөнөтү 5 жыл;
  • Суу үнөмдөөчү технологиялар – 500 млн сом, пайыз 2%, мөөнөтү 7 жыл;
  • Лизингдик программа – айыл чарба техникалары үчүн 499 млн сом, пайыз 6%, мөөнөтү 7 жыл;
  • Аймактык кластердик өндүрүш – 3,8 млрд сом, пайыз 2%, учурда макулдашуу баскычында.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул долбоорлор азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда.


Тектеш материалды окуу