
Жарыяланган
2025-17-11, 11:16Быйыл 10 айда "Айыл чарбасын каржылоо-13" долбоору боюнча 4 млрд 81.2 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Аталган сумманын ичинен “Мал чарбачылыгы” багыты боюнча 3 млрд 381.6 млн сомго 5 миң 443 насыя берилген.
“Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” багыты боюнча 441 млн сомго 898 насыя алынган.
“Сууну үнөмдөөчү технологиялар” тармагы боюнча 17 млн сомго 24 кредит берилген.
Ошондой эле “Лизинг” багыты боюнча 241.56 млн сомго 122 насыя алынган.



