Akchabarsearch
    Айтматов проспектисинин бир бөлүгүн кечкисин эл сейилдей турган жол кылуу пландалууда

    Жарыяланган

    2025-02-07, 10:42

    Айтматов проспектисинин бир бөлүгүн кечкисин эл сейилдей турган жол кылуу пландалууда

    Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисин бир бөлүгүн кечкисин эл сейилдей турган жол кылуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. 

    Орунбеков Айтматов проспектиси (Масалиевден Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү – ред.) кеңейтилип, эски теректер алынып, ордуна клен тигилгенин, жолдун эки тарабында жөө адамдар жана велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол салынганын айтып, проспект шаардыктар сейилдеп баса турган жерге айланганын белгиледи. 

    Ал жол жакында ачыларын билдирип, проспекттин оңдолгон бөлүгүн эл кечкисин басып сейилдей турган жол кылуу пландалып жатканын билдирди. 


    Тектеш материалды окуу