Жарыяланган
2025-02-07, 16:42Быйыл январь-март айларында жоголгон буюмдарды тапшыруу бюросуна жалпы 343 документ алып келинген. Алардын ичинен 77си гана ээлерине кайтарылган.
Статистика көрсөткөндөй, эң көп жоготулган документтердин сап башында паспорт турат. Үч айда 235 жарандын паспорту бюрого алып келинген. Анын ичинен болгону 57 киши гана келип, документин алып кеткен. Калгандары дагы деле ээлерин күтүүдө.
Айтмакчы, паспортторун жоготкондордун арасында чет элдик жарандар да бар. Бюрого 6 чет элдик паспорт алып келинсе, алардын ичинен экөөнү ээлери алып кеткен.
Жоготулган документтердин арасынан "Туулгандыгы тууралуу күбөлүк" экинчи орунда турат. Бюрого 33 документ тапшырылып, болгону жетөө гана кайтарылган.
Үчүнчү орунда айдоочулук күбөлүктөр турат — 22 айдоочулук күбөлүк табылган. Бирок алардын бирөөсүнүн гана ээси бюрого келип, алып кеткен.
Ошондой эле бюродо 16 нике күбөлүк, 3 аскердик билет, жеке менчик укугу жөнүндө 3 мамлекеттик акт, 4 техникалык паспорт, эмгек китепчеси, аттестат жана башка документтер ээлерин күтүүдө.