Жарыяланган
2025-03-07, 12:10Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы "Колумб" пансионаты 2.3 гектар жери менен мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 1998-жылы "Ак-Тилек" мамлекеттик ишканасынын ден соолукту чыңдоочу мекемесинин курулушу бүтө элек имараты жана 8 гектар жери мыйзамсыз менчиктен чыгарылган. Тактап айтканда, "Кыргызтемир" акционердик коомунун жооптуу адамдары темир жол тармагында иштеген кызматкерлерге эс алуучу жай курабыз деп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен мыйзамсыз келишим түзүп, жер менен имаратты менчикке чыгарып кетишкен.
Кийин анын 2,3 гектар жерине "Колумб" пансионаты курулуп, жердин калган бөлүгү башка адамдарга сатылып кеткен.
УКМК билдиргендей, алар тарабынан көрүлгөн чаралардан кийин "Колумбдун" ээси пансионат менен жерди мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Учурда калган 5 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтаруу иштери жүрүүдө.