Жарыяланган
2025-03-07, 11:30Эми MegaPay мобилдик колдонмосунун колдонуучулары мамлекеттик алымды онлайн режимде – каалаган убакта банк кеңселерине барбай эле төлөй алышат. Жаӊы сервис Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен биргеликте ишке ашырылып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө дагы бир кадам болуп калды.
Мамлекеттик алым – бул сотко доо арыз берүүдө, юридикалык мааниге ээ документтерди алууда жана башка расмий иш аракеттерди жасоодо алынуучу милдеттүү төлөм.
Сервисти кантип колдонсо болот?
1. MegaPay колдонмосун жүктөӊүз же жаңылаӊыз (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);
2. «Сервистер» бөлүмүн ачып, «Мамлекеттик кызматтар» категориясын тандаңыз;
3. «Сотко мамлекеттик алым төлөө» баскычын басыңыз;
4. Башкы сапта көрсөтүлгөн параметрлердин бирин тандаңыз:
Жаңы сервис MegaPay’дин бардык колдонуучулары (жеке да, юридикалык да жактар) үчүн жеткиликтүү. Бул функциянын аркасында Кыргызстандын жашоочулары үйлөрүнөн же иш ордуларынан чыкпастан убакытты үнөмдөө менен, юридикалык кызматтарды тез эле ала алышат.
Укуктук чөйрөгө санариптик чечимдерди жайылтуу – бул кыйла жеткиликтүү жана натыйжалуу сот системасына карай маанилүү кадам болуп саналат.
MegaPay – сиздин күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиясы: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР